Бугу 08, 2024
Убакыт: 07:13
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Бишкекте кыргыз-казак "Достук" аллеясы ачылды

04.09.2021 08:05
698
Бишкекте кыргыз-казак "Достук" аллеясы ачылды

Төрага Талант Мамытов кыргыз-казак биримдигин даңазалаган аллеянын ачылышына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.


Бүгүн, 3-сентябрда Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата эки элдин биримдигин даңазалаган “Достук” аллеясынын ачылышына катышты.


Аземде сөз сүйлөгөн Төрага Талант Мамытов: “Куштун эки канатындай кыргыз менен казак эзелтен эриш-аркак, орток көчмөн маданиятын калыптандырышкан. Бир тууган эки эл чокусу бийик Ала-Тоону, касиеттүү кең талааны турак кылып келишкен. Кыргыз-казак байланышы кылымдардан бери келе жаткан кандаш, тамырлаш байланыш. Бүгүнкү ачылып жаткан парк мунун анык мисалы”, – деди.


Салтанаттын алкагында боордош эки өлкөнүн достугун чагылдырган дарак көчөттөрү отургузулуп, бир катар куттуктоо сөздөрү айтылды.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн