Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:02
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте кыргыз-түрк Достук ооруканасынын расмий ачылышы болду

26.08.2021 11:43
650
Бишкекте кыргыз-түрк Достук ооруканасынын расмий ачылышы болду

Бишкекте кыргыз-түрк достук ооруканасынын ачылышы өттү.

КР саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин маалыматы боюнча, кыргыз-түрк ооруканасы жогорку деңгээлде болот. “Ооруканада жогорку технологиялуу операциялар жана дарылоолор жүргүзүлөт, бул дарылануу үчүн чет өлкөгө кетип жаткан жарандарыбыздын санын азайтат”,-деди ал.

Мындан тышкары, министр Бейшеналиев келишимдин алкагында Түркиядан жогорку деңгээлдеги 30 дарыгер (21 эркек жана 9 аял) Кыргызстанга жиберилгенин белгиледи. “Ошондой эле жакын арада Түркиядан дагы 30 дарыгердин келүүсү пландалууда”,-деп кошумчалады министр.

Эскерте кетсек, Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасында Кыргызстандын жарандарына, чет өлкөлүк жана жарандыгы жок бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн 72 орун даярдалган (анын ичинде 21и жандандыруу бөлүмүндө).

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн