Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:45
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Бишкекте кыз жигитке насыяга iPhone 14 алдырып, өзү бөлүп төлөөгө убада берген. Аны алдап кеткен

10.11.2023 12:38
387
Бишкекте кыз жигитке насыяга iPhone 14 алдырып, өзү бөлүп төлөөгө убада берген. Аны алдап кеткен


Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


25-октябрда жаран «А» аттуу кыздын үстүнөн милицияга арыз менен кайрылган. Ал 7-июнь күнү соода борборлорунун биринде аны 143 миң сомго бөлүп-бөлүп төлөө менен iPhone 14 уюлдук телефонун сатып алууга көндүргөн. Ошол эле учурда ал насыяны өзү төлөп берем деп убада берген.

 
Бул фактынын негизинде Свердлов РИИБнин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.


Ыкчам иликтөө кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган Д.А. аттуу кызды кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0500-99-66-15, 0700-39-04-53, 0708-87-71-11 же 102 телефондоруна чалууну өтүнөт. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн