Бишкек шаарынын Сухэ-Батор көчөсүндө 10-апрелге караган түнү кызга бычак менен кол салган жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү 1977-жылы туулган Д.Ш. аттуу жаран. Ал учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Окуя болгон жерге тинтүү иштери жүргүзүлүп, бычак табылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн