Бугу 11, 2024
Убакыт: 10:37
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бишкекте кызмат абалынан пайдаланган сот аткаруучуга кылмыш иши козголду

26.01.2024 13:33
143
Бишкекте кызмат абалынан пайдаланган сот аткаруучуга кылмыш иши козголду


Башкы прокуратура тарабынан соттук чечимдердин аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында Октябрь районунун сот аткаруучусуна карата кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен А.Б. жана анын башка тарапташтары угузулган айыптары боюнча күнөөлүү деп табылып, аларга жазалар белгиленип, мамлекетке келтирилген 310 млн 281 миң 747 сом өлчөмүндө зыянды ортоктош төлөөсү көрсөтүлгөн.

Өкүмдүн зыянды өндүрүү жагын аткаруу барагы Бишкек шаарынын Октябрь районунун сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн сот аткаруучусу А.С.га тапшырылган.

Аталган сот аткаруучу өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып, пайда көрүү максатында 3 ай ичинде соттолгон А.Б.нын мүлкүнө камак салган эмес, ал эми А.Б. аталган убыкыт ичинде Бишкек шаарындагы батирин 2 млн 3 миң 310 сомго башка жаранга сатып жиберүүгө жетишкен.

Натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн