Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 23:00
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бишкекте компьютердик клуб жабылып, Маданият министрлигине эскертүү берилди

27.08.2020 17:56
1097
Бишкекте компьютердик клуб жабылып, Маданият министрлигине эскертүү берилди


Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда тазалык жана тартипти, көрктөндүрүү эрежелерин, ошондой эле пандемия учурунда санитардык талаптарды бузгандар менен күрөшүүнү улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, кезектеги текшерүүдө Эркиндик бульвары, 35 дарегинде жайгашкан "Bootcamp" компьютердик клубу жабылды. Ал иштөөгө уруксат берилбегендигине  карабастан, өз ишин улантып, кардарларды кабыл алып келген. Оюн-зоок клубу калаада эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин жабылып, «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293 беренеси боюнча протокол түзүлдү.

Санитардык эрежелерди 7-апрель көчөсүндө жайгашкан «Сый-Ордо» кафеси, «Чыгыш-5» кичи районундагы «Ванкувер» компаниясынын бильярд клубу бузуп, аларга «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293 беренеси боюнча протоколдор түзүлдү.

СЭИ «Октябрь» кинотеатрынын айланасына көптөн бери санитардык тазалоо жүргүзүлбөгөндүгүн, таштандыга толгондугун аныктап, Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Кинематография департаментине  бузууларды четтетүү эскертүүсүн берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн