Бугу 07, 2024
Убакыт: 12:38
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Бишкекте көмүр 4800 сомдон сатылууда. Мэрия кандай чара көрөт?

07.10.2021 11:03
699
Бишкекте көмүр 4800 сомдон сатылууда. Мэрия кандай чара көрөт?


 Быйыл Бишкекте күз-кыш мезгилине даярдык эрте башталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Кабар" агенттигинде өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди. билдирди.


Анын айтымында, 2020-жылы жылуулук 9-октябрда берилсе, быйыл 5-октябрда берилди.


“Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, абанын температурасы беш күн катары менен сегиз градустан төмөн болсо жылуулук берилиши керек деген эреже бар. Анын негизинде жылуулук бериле баштаган. Ошондой эле электр энергияны үнөмдөө үчүн мындай кадамга барганбыз. Азырынча 50 оорукана, 71 бала бакча, 65 мектеп жана 1 миң 903 турак үй жылуулукка кошулду. Маалыматтар саат сайын өзгөрүп турат”, - дейт ал.


Шаар мэри борбор калаада көмүр саткан алты отун базасы жана 10 стационардык пункт бар экенин айтат.


“Көмүрдүн басы 4 миң 800 сомго чейин көтөрүлүптүр, биз Монополияга каршы күрөшүү агенттигине кайрылып, бирге иш жүргүзүп жатабыз. Эгер баа негизсиз көтөрүлгөн болсо, анда чара көрүлөт”, - деп айтат мэр.


Жунушалиев кошумчалагандай, кышка карата 40 атайын техника, анын ичинен 26сы кар тазалоо техникасы даяр турат. Аны менен бирге жолго себүүчү 3 миң тонна туз алынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн