Бугу 09, 2024
Убакыт: 22:49
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бишкекте көмүр жетиштүүбү? Мэриянын жообу

11.10.2021 14:17
478
Бишкекте көмүр жетиштүүбү? Мэриянын жообу

Бишкекте көмүрдүн запасы жетиштүү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-октябрына карата базаларда 2 миң тоннадан ашык казак жана жергиликтүү көмүр бар. Көмүрдүн тоннасы 4500 сомду түзөт. Катуу отунду алып келүү күн сайын жүргүзүлөт.


Буга чейин бааны тоннасына 4500 сомдон ашпаган деңгээлде кармап туруу максатында Бишкек шаарынын мэриясы мамлекеттик жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн Экономика жана финансы министрлигине кат жөнөткөн. Биргелешкен аракеттер аркылуу көмүрдүн бааларын жеке көмүр ташуучулар тарабынан негизсиз өсүшүн басууга мүмкүн болду. Ошондой эле, көмүрдүн баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө үчүн алдын алуу чараларын көрүү үчүн укук коргоо органдарына тиешелүү тапшырмалар жөнөтүлдү.


Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан күн сайын көмүрдүн баасына мониторинг жана контролдоо жүргүзүлүп, оперативдүү маалымат жарыяланат.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын аймагында 6 отун базасы жана 7 стационардык пункттар иштейт. Жакында шаардын конуштарында 35 стационардык пункт ачылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн