Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:49
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте коомдук транспортто жол кире акысы качан көтөрүлөрү белгилүү болду

15.01.2024 16:32
279
Бишкекте коомдук транспортто жол кире акысы качан көтөрүлөрү белгилүү болду

Бишкекте 2024-жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, токтомдун долбооруна БШКнын төрагасы Куванычбек Конгантиев бүгүн кол койгон. Токтом расмий жарыяланган учурдан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ошентип, 30-январдан тарта накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. Ал эми MegaPay электрондук капчыгы менен жол акысын төлөө мурдагыдай эле 11 сом болот.

Маршруткаларда болсо төлөм 20 сомду түзөт.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Гулбара
Жок дегенде жол кире менен нарды которой эле койсо боло биз 5балага жол киреберсек айлык болсо которулбой элего кеебир жерлерде