Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 11:43
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Бишкекте коомдук транспорттор тарифти көтөрүүнү талап кылышууда

12.01.2021 15:44
469
Бишкекте коомдук транспорттор тарифти көтөрүүнү талап кылышууда

Коомдук транспорттун тарифтерин көтөрүү маселеси тез арада чечилбейт. Мындай пикирин вице-мэр Азизбек Алымкулов 12-январда коомдук транспорттун ээлери менен болгон жолугушууда билдирди. Бул тууралуу "АКИпресс" жазып чыкты.


Анын айтымында,  мыйзамга ылайык, тарифтерди өзгөртүү маселесин Бишкек шаардык кеңеши чечет.


"Тариф акыркы жолу 2012-жылдын апрелинде көтөрүлгөн. Бирок бул маселе дароо чечилчү маселе эмес. Терең ойлонуп чечим кабыл алышыбыз керек. Силер тарифти көтөрөлү дейсиңер, бирок өзүңөрдүн эле балаңар башка маршруткага отурат го" - деди вице-мэр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн