Бишкек мэриясы коомдук транспорт менен жүрүүдө жол киренин жаңы тарифтерин сунуштады.
Вице-мэр Максат Сазыкуловдун айтымында, накталай төлөм менен жол кире 20 сом, "Тулпар" картасы менен төлөнсө 17 сом болот.
Ошондой эле муниципалитет мамлекеттик Mega компаниясы менен меморандумга кол койгону маалым болду. Ага ылайык, MegaPay электрондук капчыгы менен жол киренин баасы 11 сом бойдон калат. Бул үчүн электрондук капчыктын QR-кодун колдонуу керек.
"Өздүк наркты жабыш үчүн калган 6 сомду аталган компания төлөп берсе, мэрия 3 сомун жабат", — деген вице-мэр.
Сазыкулов мэрия башка компаниялар менен дагы иштешүүгө даяр экенин билдирди.
Буга чейин жол киренин өздүк наркын жабыш үчүн накталай төлөмдү 25 сом, накталай эмести 20 сом кылуу сунушталган.
Пикирлер (1)