Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 03:24
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкекте көп кабаттуу үйдө 38 жаштагы аял өлтүрүлдү

24.09.2021 09:17
704
Бишкекте көп кабаттуу үйдө 38 жаштагы аял өлтүрүлдү

Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу батирлердин биринен 38 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББинин 102 кызматына 23-сентябрь күнү саат 10:01 чамасында Токтогул көчөсүндө жайгашкан батирден 38 жаштагы аялдын жансыз денеси жатканы боюнча маалымат анын жакындары тарабынан келип түшкөн.


Окуя болгон жерге Ленин РИИБинин тергөө ыкчам тобу барганда, бычактан алган жаракатынан улам каза болгон 1982-жылы туулган аялдын жансыз денеси табылган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ("адам өлтүрүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ага ылайык бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө амалдары жана ыкчам издөө иш-чаралары жүрүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн