Бишкекте көп кабаттуу үйдө 38 жаштагы аялды бычактап өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы кабарлады.
Маалым болгондой, Ленин райондук милициясынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Токтогул көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде бычакталып өлтүрүлгөн аялды өлтүрүүгө шектүү жаран бүгүн, 27-сентябрда кармалды.
Шектүү катары 1993-жылы туулган Н.К. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн