Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 15:06
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн куткаруучу жаракат алды

21.07.2020 09:48
873
Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн куткаруучу жаракат алды


Бишкек шаарынын Ак-Өргө кошушунда жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн куткаруучу жаракат алып, өрт өчүрүүчү унаа жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Ак-Өргө конушунун Кырк-Кыз көчөсүндө ЖЧК “Листке” таандык жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн 10 кабатында 3000 чарчы метр жыгач тактай жана балкалар күйгөн.


Өрттүн кесепетинен 1987 жылы туулган өрт өчүрүүчү бутунан жана колунан жаракат алган. Абалы туруктуу. Ошондой эле өрт өчүрүүчү унаа жабыркаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн