Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, ӨКМ кызматкерлери Бишкектеги 6-кичи райондогу батирлердин биринен 1970-жылы туулган эркек кишинин жансыз сөөгүн табышкан.
Мындан аркы иликтөө үчүн сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн