Кечээ, 7-ноябрда түндө Бишкектеги көпүрөлөрдүн биринде боюн таштоого аракет кылган жаранды милиция кызматкерлери куткарып калды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, көчөдөн өткөн адамдар жарандын аракетинен кооптонуп, милицияга кабар берген.
Милиция кызматкерлери келип, жаран менен сүйлөшүп аны максатынан кайтууга ынандырган. Милиция бөлүмүндө 1993-жылы туулган жаран өзүн таштоого аракет кылганын мойнуна алган. Ал жакындарына өткөрүлүп берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн