Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 21:38
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Бишкекте көпүрөнүн астында аялды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

18.04.2022 14:52
496
Бишкекте көпүрөнүн астында аялды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Бишкекте көпүрөнүн алдынан аялдын сөөгү табылганын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.


Билдирүүгө ылайык, 16-апрелде саат 14:10дор чамасында “102” кызматына Аламүдүн суусундагы көпүрөнүн алдында аялдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.


Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн. Окуя болгон жерде азият түспөлүндөгү болжол менен жашы 40-45 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Кылмышка шектүү жаран окуя болгон жерден качып кеткен.


Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, шектүү катары 27 жаштагы Т.С. аттуу жаранды кармашкан. Ал Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилген.


Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн