Бишкектеги Ак-Босого конушунун 23 жаштагы тургуну таксиде көз жарды. Бул тууралуу №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы Венера Кудайбергенова АКИпресс агенттигине билдирди.
Анын айтымында, 23 жаштагы келин аталган мекемеде каттоодо турган.
Бүгүн, 22-февралда келиндин толгоосу башталып калган. Алар тез жардам чакырганына карабай, такси менен медициналык мекемеге жетип жетпей төрөтү башталган.
Келин аман-эсен көз жарып, уулдуу болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн