Бугу 12, 2024
Убакыт: 18:43
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бишкекте кош бойлуу медайымды сабаган шектүү кармалды

22.02.2024 10:56
223
Бишкекте кош бойлуу медайымды сабаган шектүү кармалды


Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын кош бойлуу кызматкерин сабаган деп шектелип Б.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКга С.А. Улуттук госпиталынын медайымынын денесине залал келтирген Б.А.га карата чара көрүү өтүнүчү менен медайымдар ассоциациясынан кайрылуу түшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө ушул жылдын 19-февралында медайым С.А. оор абалдагы оорулууну таңуу процедурасын жүргүзүү үчүн Б.А.ны палатадан чыгып кетүүсүн суранганын, бирок акыркы эскертүүгө карабастан Б.А. терс мамиле жасап, кош бойлуу С.А.ны себепсиз сабаганы аныкталган.

Натыйжада С.А.нын башынын жумшак ткандары көгөрүп, "Боюнан түшүү коркунучу бар" деген диагноз менен ооруканага жаткырылган.

Аталган фактыларды текшерүүнүн жыйынтыгында УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси "Бейбаштык" боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, шектүү Б.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча өз позициясын чечкиндүү түрдө билдирет жана аларга карата кол салууга жол берилбестигин эскертет. Ушундай эле фактылар аныкталса, КР мыйзамдарына ылайык катуу чаралар көрүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн