Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 13:16
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Бишкекте кудуктардын капкагын уурдаган жаран кармалды

27.01.2022 12:12
750
Бишкекте кудуктардын капкагын уурдаган жаран кармалды

Бишкекте кудуктардын капкагын уурдоого шектелип 50 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.


Билдирүүгө ылайык, 26-январда болжол менен саат 00:37лер чамасында “102” кызматына Профсоюз жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жаран суу түтүктөрү өткөн кудуктун капкагын уурдап жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.


Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келген учурда белгисиз жаран кудуктун капкагын алып бара жаткандыгы аныкталган.


Милиция кызматкерлери шектүү катары 50 жаштагы М.К. аттуу жаранды кармап, Биринчи май райондук милициясынын тергөө кызматына андан ары чара көрүү үчүн өткөрүп беришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн