Бишкек шаарында күрөөкананы тоноого аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар күч түзүмдөрүнө шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери күрөөкананы тоноого аракет кылган 36 жаштагы М.К. аттуу адамды кармашты. Анын жанында травматикалык “Байкал” тапанча болгон.
“Божомолдор боюча ал шектүү күрөөкананын сырткы эшикти талкалаган жана ички эшиктин терезесин талкалаган. Ага тинтүү жүргүзгөн учурда жанынан 2 миң 700 сом чыккан", - деп айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн