Бишкекте курулуш компанияларынын бирине 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналды чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Архитектура курулуш көзөмөлдөө департаментинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы Көк-Жар айылындагы "Гарант Строй Инвест" ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн долбоор менен курулуш иштеринин шайкештигин текшерүүгө алган.
Текшерүүдө котлован казып, жер жумуштарын аткарууда катталган эреже бузуулардын негизинде токтом түзүлүп, 200 миң сом айып салынды.
Курулуш жүргүзгөн мекемеге Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан аткарууга эскертме кагазы берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн