Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:51
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкекте күзөт кызматкерлери тоноого аракет кылган адамды кармап, жабырлануучуга жардам көрсөттү

11.08.2021 10:12
375
Бишкекте күзөт кызматкерлери тоноого аракет кылган адамды кармап, жабырлануучуга жардам көрсөттү

Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери, кылмышкерди кармап, тоноого жол берген эмес. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы кабарлады.

 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Ленин райондук күзөт бөлүмүн 4-взводунун №461 кармоо тобунун кызматкерлери, кармоо тобунун экипаж улугу милициянын старшинасы Алтынбек Орозобек уулу жана анын кесиптештери милициянын старшинасы Кубанычбек Самат уулу жана милициянын сержанты Элдос Бакытов, 102 “Байкал” радиостанция байланышынан, Бишкек шаарынын Пишпек менен Кумтөр көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз бир жаранды бычак менен коркутуп жатышат деп чакыруу келип түшкөн. 


Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн экипаж улугу Алтынбек Орозбек уулунун айтымында “Биз, адаттагыдай эле кезметтеги күзөткө чыгып, бизге чектелген аймакта кайгуул кылып жүргөн элек, 102 “Байкал” радиостанциянан чакыруу түшөөр замат, жогоруда айтылган дарек бизге жакын болгондуктан кылмыш болгон жакты көздөй 3 мүнөт аралыгында жетип бардык. Биз барган учурда, жабыркаган эки жаранды көрүп, дароо биринчи жардам көрсөтүп тез жардамдын кызматкерлерин чакырдык. Кылмышка шектүүлөрдүн кармоо максатында, аймакты кароого жөнөдүк. Жыйынтыгында, Пишпек менен Кумтөр көчөлөрүнүн кесилишинин айланасынан 1987-ж.т Т. А. качууга аракет кылган, артынан кесиптештерим менен бирдикте кармадык”- деди ал.


Маалымат тактоо иштерин жүргүзүү үчурунда, кылмышка шектүү Т. А. жабырлануучунучу М.М. карата күч колдонуп Редми 9А үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып койгон, ошол замат Ж. М. аттуу жаран жардам көрсөтүү максатында, кылмышкер менен алышып жаткан учурда кылмышкер курч нерсе менен колуна, бутуна сайып, качып кеткен.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн №461 кармоо тобу кылмышка шектүү Т. А. жаранды Бишкек шаарынын Ленин районундагы 1чи шаардык милиция бөлүмүнүн тергөө кызматына тапшырып беришкен.  


Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. 

 

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн