Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 23:54
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Бишкекте маршруткада телефон уурдаган жаран кармалды

17.02.2022 11:23
633
Бишкекте маршруткада телефон уурдаган жаран кармалды

Бишкек шаарындагы маршруткалардын биринен телефон уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирди.


Маалым болгондой, 14-февралда Р.Р. атуу жарандан ошол анын кызынын "Самсунг А-10" үлгүсүндөгү телефонун маршруткада белгисиз жаран уурдап кеткени тууралуу арыз келип түшкөн.


Аталган арыз бирдиктүү реестрге катталып, ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Т.Т. атуу 1991-жылы туулган жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн