Теке 27, 2024
Убакыт: 12:26
USD
EUR
RUB

Бишкекте маршруткадан кыздын капчыгын уурдаган жаран кармалды

22.11.2023 10:52
612
Бишкекте маршруткадан кыздын капчыгын уурдаган жаран кармалды


Ыкчам иликтөө кызматкерлери тарабынан уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралук Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирли.


Маалыматка ылайык, 13-ноябрда милицияга бир кыз арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ошол эле күнү кичи автобуста анын сумкасынан 12 миң 985 сом салынган капчыгы уурдалган.


Бул фактынын негизинде Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.


Ыкчам иликтөө кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган А.Т. кармаган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, андан соң Октябрь райондук соту эки айга камакка алган.


Учурда тергөө иштери уланууда.


Милиция кармалган жарандын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0505 106 565, 0702 071 263, 0703 333 201 же 102 телефон номурларына кабарлап коюуну өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн