Бишкектин Токтогул-Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, андан кийин кылмышкер изин жашырып кеткен. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.
15-октябрь күнү саат бир жарымдар чамасында студент жөө адамдар өтүүчү жолдон өтүп бара жатып, аны унаа сүзүп кеткен. Айдоочу баланы үйүнө жеткирип, эмне болгонун ата-энесине айтпай айдап кеткен.
Муну билген ата-энелер окуучуну ооруканага алып кетишкен. Учурда айдоочу изделүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн