Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте милиция кызматкерлери баңгизаттардын зыяндуулугу тууралуу окуучуларга айтып берди

17.12.2021 16:00
476
Бишкекте милиция кызматкерлери баңгизаттардын зыяндуулугу тууралуу окуучуларга айтып берди

ИИМдин кызматкерлери мектеп окуучуларына баңгизаттарды колдонуунун зыяндыгы тууралуу эскертишти. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


2021-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери милициянын подполковниги Чолпон Табалдиева тарабынан Свердлов райондук ИИБнын жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекторлор менен биргеликте № 67 жана 5 мектеп, гимназияларынын директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары менен биргеликте жогорку класстардын окуучуларына “Баңгизат каражаттарды таркатуу үчүн жоопкерчилик жана алардын организмге тийгизген терс таасирлери” темасында алдын алуу боюнча жолугушуусу өткөрүлдү.

Жогулушуунун башында БМЖКККнын кызматкери катышуучуларга кызматтын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары тууралуу айтып берди. Мындан сырткары, ал психикалык активдүү заттардын терс медициналык, социалдык, укуктук кесепеттери тууралуу маалымдады. 

Баңгизат каражаттарды жана психотроптук заттарды колдонууга жол бербөө, көз карандылыктын пайда болуу кооптуулугу жана адамдынпсихикалык жана дене бой абалына баңгизаттардын кыйратуучу таасири жөнүндө темалар козголду. 


Андан сырткары, кызматкерлер баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тууралуу айтып беришти. Жолугушуунун соңунда алар келечектеги бүтүрүүчүлөргө алдыга койгон максаттарга ишенип барууну, өзүн кыйратуучу жолго түшпөстөн, деңгээлин жогорулатуунун үстүндө иштөөнү каалап кетишти.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн