Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте мыйзамсыз курулуш аныкталып, ишкерге 200 миң сом айып салынды

19.03.2024 09:33
99
Бишкекте мыйзамсыз курулуш аныкталып, ишкерге 200 миң сом айып салынды


Бишкекте мыйзамсыз курулуш аныкталып, 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамкурулуш агенттигинин Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы тарабынан Д.Асанов №23 дарегинде жайгашкан объекти мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу жок өз алдынча курууп жатканы аныкталган.

Анын негизинде жеке ишкер А.С. аттуу жаранга карата КР мыйзамдарына ылайык, текшерүү актысы жана укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн