Бугу 07, 2024
Убакыт: 05:12
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Бишкекте мыйзамсыз курулушка уруксат берген кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

12.03.2024 09:03
113
Бишкекте мыйзамсыз курулушка уруксат берген кызмат адамдарына кылмыш иши козголду


Бишкекте жашоочулардын коопсуздугуна коркунуч келтирген курулушка уруксат берген кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан жер жана шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын, Мамлекеттик экспертиза департаментинин жана башка мамлекеттик контролдооочу мекемелердин жооптуу кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, үчүнчү жактарга курулуш чөйрөсүндө артыкчылыктарды камсыз кылуу максатында, шаар куруу документтерине атайылап жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен Ленин районунун аймагында кеңсе жайлары менен 10 кабаттуу мейманкана комплексин курууга тийиштүү уруксат документтерди мыйзамсыз даярдап беришкендиги аныкталган.

Натыйжада, курулуштун тыгыздыгынын, жашоо-тиричилик чөйрөсүнүн, инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструктурасынын сапатынын ченемдик деңгээли камсыз кылынбай, өрткө каршы коопсуздугунун минималдык талаптары сакталбай, чектеш болгон турак үйлөрүнүн жашоочуларынын жана шаар куруу ишин башкаруу жана контролдоо чөйрөсүндө мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү Ленин РИИБне тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн