Бишкекте алдамчы унаа токтотуучулар кармалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
"Бишкек унаа токтотуучу жайлар" муниципалдык ишканасы алдамчы унаа токтотуучу жайлардын ишмердүүлүгүн алдын алуу боюнча рейд өткөрүлдү.
Шопоков көчөсүнүн боюнда Москва көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин рейд жүргүзүлдү. Рейддин жүрүшүндө шаардыктардан унаа токтотуучу жай үчүн мыйзамсыз акча чогулткан адамдар табылды. Буга чейин ишкананын адистери бул адамдарга алардын аракеттеринин мыйзамсыздыгы тууралуу бир нече жолу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн, бирок эртеси кайра шаар көчөлөрүнөн акча жасашкан.
Унаа токтотуучу жайдын кызматчылары Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген, аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн