Бишкекте муктаж үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыз кылуу үчүн 5 миң сомдон берилет. Мындай пикирин калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров билдирди.
Мэр шаардыктарды көмүр арзан кезде камдап алууга чакырды.
"Биз көмүр Бишкекке келгенде эле муктаж үй-бүлөлөр кышка даярдык көрүп, көмүрүн камдап алсын деп 5 миң сомдон беребиз.
Муктаж үй-бүлөлөр үчүн 20 миллион сом бөлүнгөн. Ошондуктан бардык шаардыктарда азыртадан кышка кам көрүп, көмүрүн камдап алуусун суранам.
Анан кыш келгенде ажиотаж болуп кымбаттаганда кыйналып калбайлы",- деди мэр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн