Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:23
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкекте мурдагы аскер кызматкерлери митингге чыгышты

21.06.2021 16:51
1176
Бишкекте мурдагы аскер кызматкерлери митингге чыгышты


1992-1993-жылдары тажик-афган чек арасында кызмат өтөгөн ардагерлер-тынчтык орнотуучулардын митинги болуп өттү.

30га жакын митингчилер чогулушту. Алар жөлөк пулдарды кайтарып берүүнү талап кылышууда.

"2006-жылы 6-майда Феликс Куловдун өкмөтү ардагерлерди жөлөк пулдан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алды. Буга чейин 2006-жылы 20-февралда премьер-министр Мадумаров Юстиция министри Кайыповго жөлөк пулдан ажыратуу боюнча токтомдун долбоорун даярдоону буйрук кылган. Ошол эле жылы 21-мартта Коргоо министри Исаков өзүнүн согушкерлери үчүн жеңилдиктерден ажыратуу жөнүндө келишимге кол койду. Аскер кызматкерлери Коргоо министри генерал-майор Таалайбек Өмүралиевдин жөлөкпулдарды кайтаруу же ардагер статусун алуу боюнча чараларды көрбөгөнүнө нааразы", - деп түшүндүрдү аскер укук коргоочусу Анвар Сартаев.

Ал ошондой эле ушул жылдын 16-апрелинде административдик сотко мурдагы аскер кызматкерлери 2006-жылы чыгарылган өкүмдү жараксыз деп табуу боюнча доо арыз менен кайрылышкандыгын белгиледи.

"Биз соттун биринчи отурумунда 1-июлга чейин бийлик менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчү менен кайрылдык. Коргоо министрлиги жана министрлер кабинети менен жолугушууну 1-июлга чейин күтүп жатабыз, 1-июлдан кийин алар менен соттук отурумда гана жолугушабыз", - деди Сартаев.
Узнать больше: https://vesti.kg/kg/politika-kg/item/87833-bishkekte-murdagy-asker-kyzmatkerleri-zholok-puldardy-kajtaryp-beruunu-talap-kylyp-mitingge-chygyshty-video.html - Бишкекте мурдагы аскер кызматкерлери жөлөк пулдарды кайтарып берүүнү талап кылып митингге чыгышты (видео) - VESTI.KG - Новости Кыргызстана

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн