Бештин айы 26, 2024
Убакыт: 17:38
USD
86.85
87.35
EUR
90.10
91.10
RUB
0.860
0.900

Бишкекте мурунку башкы прокурор Асанбек Шаршеналиев акыркы сапарга узатылды

13.12.2024 12:55
213
Бишкекте мурунку башкы прокурор Асанбек Шаршеналиев акыркы сапарга узатылды


Бүгүн Башкы прокуратурада КР эмгек сиңирген юристи, юстициянын 1-класстагы Мамлекеттик кеңешчиси, юридика илимдеринин доктору жана Кыргыз Республикасынын экс-башкы прокурору Шаршеналиев Асанбек Шаршеналиевичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Митинг-реквиемге башкы прокурору Максат Асаналиев, прокуратура органдарынын ардагерлери жана кызматкерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери, маркумдун жакындары жана кесиптештери катышты.

Коштошуу зыйнатында башкы прокурор сөз сүйлөп, Асанбек Шаршеналиевичтин өмүр жолун, мамлекеттик кызматтардагы жетишкендиктерин, өлкөдөгү укуктук системаны өнүктүрүүгө кошкон зор салымын эскерип, анын кесипкөйлүгү, мыйзамдуулукка болгон умтулуусу жана жетекчи катары алып барган ишмердүүлүгү Кыргызстандын укук системасынын тарыхында өчпөс из калтырганын белгилеп өттү.

Асанбек Шаршеналиевич башкы прокурор, Конституциялык соттун төрагасы жана башка жогорку кызматтарды жигердүү аркалаган, укуктук чөйрөдө бир катар реформаларды ишке ашырган көрүнүктүү инсан катары эсибизде түбөлүк сакталып калмакчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн