Бугу 05, 2024
Убакыт: 17:01
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте наристе ооруканада кызамыктан каза болгон

14.08.2023 14:52
271
Бишкекте наристе ооруканада кызамыктан каза болгон


25-июлда Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 3 жаштагы наристе каза болгон. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.


Бала оор абалда ооруканага жеткирилген. Ага кызамык деген диагноз коюлган. Алиевдин айтымында, ал дароо реанимация бөлүмүнө түшкөн.


«Анын абалы оор болчу, дароо реанимацияга түшкөн. Ал ооруканада бир суткадан ашык жатты. Дарыгерлер бардык керектүү жардамдарды көрсөтүштү, башка кошумча оорулар да аныкталды. Көрсөтүлгөн жардамга карабай каза болду», - деди ал.


Анын айтымында, ооруканага күнүнө 3-5 бейтап түшүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн