Бишкек шаарындагы №61 мектеп-лицейинде мектеп окуучусу жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуучу кыз мектептин терезесине чыгып алып өзүн таштоого аракет кылган. Бактына жараша, мугалим өз убагында окуучуну оюнан кайтарууга жетишкен.
Мектепке ИИМ кызматкерлери жана окуучунун ата-энеси чакырылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн