Бирдин айы 24, 2025
Убакыт: 23:40
USD
87.30
87.80
EUR
91.30
92.30
RUB
0.980
1.020

Бишкекте өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу маселеси талкууланды

18.02.2025 10:52
339
Бишкекте өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу маселеси талкууланды


Президенттин администрациясында министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында мектеп рэкетчилигинин, бейбаштыктын жана жашы жете электердин арасындагы башка терс көрүнүштөрдүн алдын алуу маселелерине арналган видеоконференц-байланыш форматында кеңешме болуп өттү.


Жыйынга тармактык министрликтердин жетекчилери, президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын социалдык сектор боюнча орун басарлары катышты.


Талкуунун негизги темасы өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, анын ичинде рэкетчилик, зордук-зомбулук, коркутуу жана башка мыйзамсыз аракеттердин көбөйүшүнүн тынчсыздандыруучу тенденциялары болду. 


Минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бул маселени чечүүдө комплекстүү мамиле жасоонун маанилүүлүгүнө көңүл буруп, укук бузган жашы жете электер психологиялык жактан жабыркашы мүмкүндүгүн эске алуу зарылдыгын белгиледи.


"Балдарды коргоо биздин жалпы милдетибиз. Биз өсүп келе жаткан муундун коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыз кылуу үчүн өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ишти күчөтүшүбүз керек", - деп баса белгиледи Эдил Байсалов.


Кеңешменин жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бийлик органдарына жер-жерлерде ушундай эле отурумдарды уюштуруу жана жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштиктүү чараларды иштеп чыгуу тапшырылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн