Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Мээрим Жуманазарова Бишкек шаарында өтүп жаткан грек-рим,эркин жана кыз-келиндер курөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдеште коло байгеге ээ болду.
Спортчу 68 кг салмак категориясында беттешип 1/4 финалдан баштаган.
Алгач Казакстандык балбанды 1:1 эсебинде жеңген. Экинчи беттеште Монголиялык балбанга 2:1 эсебинде жеңилген. Коло байге үчүн беттеште канадалык балбанды 2:1 эсебинде жеңип 3-орунду ээледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн