Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 07:47
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Бишкекте пара алып жаткан жеринен ИИМдин кызматкери кармалды

11.06.2022 14:06
457
Бишкекте пара алып жаткан жеринен ИИМдин кызматкери кармалды

Бишкекте кызматтык бөлмөсүндө 15 миң сом пара алып жаткан инспектор кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.


Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 6-июнда ИИМдин Ички иликтөө кызматына А.У., аттуу жаран кайрылып, кайгуул кызматкери андан жол кырсыгы фактысы боюнча материалды кароодо маселени оң жагына чечүү үчүн 20 миң сом акча талап кылып жаткандыгын билдирген.


Аталган фактынын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-бөлүмүндө ("пара талап кылуу") каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.


2022-жылдын 10-июнунда тергөө-ыкчам иш-чараларды өткөрүүдө Бишкек ШИИББынын Милициянын кайгуул кызматынын имаратында кызматтык бөлмөсүндө 15 миң сом пара алып жаткан кенже инспектор Ч.У., кармалган.


Сурак жана башка тергөө амалдары жүргүзүлгөндөн кийин кармалган кызматкер Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн