Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:44
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте поезд жигитти сүзүп кеткен учур видеого түшүп калган (видео)

28.06.2022 16:50
532
Бишкекте поезд жигитти сүзүп кеткен учур видеого түшүп калган (видео)


Кечээ, 27-июнда Бишкекте 18 жаштагы өспүрүмдү поезд сүзүп каза болду. Свердлов районунун ички иштер башкармалыгы окуя болгон учурдагы видеосун чыгарды.


Милициядан билдиришкендей, саат 09:45 чамасында Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө 4-шаардык ооруканадан поезд сүзүп кеткен жаш жигит алынып келингендиги тууралуу маалымат түшкөн.


Ошол замат окуя болгон жерге Свердлов районунун ИИБнын тергөө-ыкчам тобу жөнөп кетип, ал жакка барганда жаран К.Б. 2004-жылы туулган велосипедчен темир жолдон өтүүгө аракет кылып, келе жаткан поездге көңүл бурбаган. Айдоочу авариялык тормозду баскан, бирок бул кырсыктын алдын алууга жардам берген эмес.


К.Б. аттуу жаран ооруканага жеткирилип, эсине келбей, алган жаракатынан улам каза болгон.


Бул факты Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ЖИИБге катталып, керектүү экспертизалар дайындалды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн