Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 00:23
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкекте премиум-класстагы 20 батир жана коммерциялык жайлар мамлекетке алынды

21.04.2025 13:10
100
Бишкекте премиум-класстагы 20 батир жана коммерциялык жайлар мамлекетке алынды


Премиум-класстагы турак жай комплексиндеги батирлер мамлекетке алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызмат тарабынан Бишкектин түштүк аймагындагы жер тилкесин курулуш үчүн мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында премиум класстагы 20 батир жана коммерциялык жайлар мамлекеттин пайдасына алынды.


Тактап айтканда, 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жер тилкесин курулуш компанияларына өткөрүп берүү учурунда, курулган турак-жайдын 13 пайызын муниципалитет алсын деген шарт менен келишим түзүлгөн. Бирок коррупциялык байланыштарды пайдалануу жолу менен соттун чечиминин негизинде милдеттенме келишимден алынып салынган. Кийинчерээк жер тилкеси үчүнчү жактарга кайра сатылып кеткен.


Тергөөнүн жүрүшүндө 3 блоктон жана премиум класстагы батирлерден турган "Президент" турак-жай комплекси учурда "В*" курулуш компаниясы тарабынан 0,75 гектар жер тилкесинде курулуп жаткандыгы аныкталган. "В*" курулуш компаниясы ак ниеттүү сатып алуучу катары мамлекетке ыктыярдуу негизде 14% (жер тилкесинин сатып алуу баасын эске алуу менен), башкача айтканда, 20 батир жана жалпы аянты 2285 чарчы метр болгон 2 коммерциялык жайды өткөрүп берди.


УКМК Бишкек шаарындагы жер тилкелери боюнча мыйзамсыз аракеттерди аныктоо иштерин улантып, тиешеси бар адамдарды тактоодо. Аларга карата колдонуудагы мыйзамдардын чегинде эң катаал чаралар көрүлмөкчү.


Мындан тышкары, жогорудагы фактынын негизинде судьялардын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн