Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:36
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте "Барса" футбол академиясынын курулушуна капсула салынды

30.08.2023 11:44
299
Бишкекте "Барса" футбол академиясынын курулушуна капсула салынды


Бишкекте "Барса" футбол академиясынын курулушуна капсула салынды. Ал борбор калаанын түштүк тарабындагы Токомбаев көчөсүнүн боюнда жайгашат.


Иш-чарага өлкө президенти Садыр Жапаров, “Барселона” футбол клубунун жетекчиси Жоан Лапорта жана Борбор Азия мамлекеттеринин футбол федерацияларынын жетекчилери катышты.


Садыр Жапаров Жалал-Абадда ушундай эле курулуштун башталышына токтолуп, бул Кыргызстандын эли үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.


Жоан Лапорта Кыргыз Республикасына келгенине кубанычта экенин баса белгилеп, президентке жана футбол академиясынын курулушун баштоого катышкандардын баарына ыраазычылыгын билдирди. «Бул Борбор Азиядагы эң ири иш-чара. Бул чоң майрам», - деп билдирди ал академиянын Кыргызстандагы көрүнүшү тууралуу.


Саламдашуу жана ыраазычылык сөздөрүнөн кийин Садыр Жапаров менен Жоан Лапорта капсуланы коюшту.


Эске салсак, бүгүн, 30-августта саат 20.00дө Бишкектеги “Спартак” стадионунда “Барселона” футболдук клубунун легендалары менен беттеш болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн