Эпидемиологиялык иликтөө иштеринин жүрүшүндө Бишкектеги «Империя пиццы» кафесинин бардык түйүндөрү жабылат.
25-октябрда саат 7:30га карата Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан уулангандан кийин медициналык жардам сурап кайрылгандардын жалпы саны 85 адамды түздү. Учурда 1 бейтап стационардык дарыланууда, абалы туруктуу. Калгандары, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө жабырлануучулар 4 аймакта жайгашкан «Империя пиццы» кафесинен суши буйрутма берип жегени айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн