Бишкекте "Каймак" тез татым жайы өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Манас проспектиси менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги өрт тууралуу маалымат ӨКМге кечки саат 22:30дар чамасында түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр саат 22:40та жерине барып, 14 мүнөттөн кийин аны чектөөгө алышкан. Ал эми саат 23:17де өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Маалым болгондой, ашканада столдор, жыгач эшик жана видеокамера күйгөн. Өрттүн келип чыккан себеби такталып жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн