УКМК тарабынан Бишкекте "Нават" ресторандар тармагынын тең ээси Сергей Острецов кармалды. Бул тууралуу 24.кг агенттиги өздүк булактарына таянуу менен жазды.
"Ал кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырган деп айыпталууда. Бул берене, эреже боюнча, чиновниктер кармалат. Ушундай жол менен кимдир бирөө ага кысым көрсөтүп, анын компаниясынан үлүш алууну көздөп жатат деген божомол бар" ,- деп жазылат маалыматта.
Бул маалымат боюнча атайын кызмат билдирүү тарата элек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн