Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Бишкекте "Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инандын уурдалганы айтылды

01.06.2021 09:30
1229
Бишкекте "Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инандын уурдалганы айтылды


Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемесинин ээси экени айтылып жүргөн Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткени кабарланууда.


"Азаттыкка" ички булактар ал түндө өзүнүн менчик автоунаасы менен кетип бара жатканда жоголгонун билдиришти. Жакындары анын дайынсыз болуп жатканы тууралуу Бишкектеги Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазышты.


Арызда 1-июндун таңында Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйдүн эшигинин алдынан Инандынын "01KG 599AHR" мамлекеттик номерлүү "Lexus 470" үлгүдөгү автоунаасынын эшиги ачылып, ичи бош турганы, анын ээси Орхан Инанды 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экени белгиленген.


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бул маалымат боюнча комментарий бере элек. Азырынча Инандынын кайда экени жана аны кимдер уурдап кеткени белгисиз.


Теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алганы айтылган Орхан Инанды Кыргызстандагы жыйырмадан ашуун "Сапат" жеке лицейин, "Ататүрк-Алатоо" университетин негиздеген.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн