Бишкектин четинде "Унаа" мекемесинин 24 саат бою иштей турган бөлүмү ачылат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аянты 500 чарчы метрди түзгөн жаңы ачыла турган бөлүм Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун жээгинде, Биримдик-Кут жаңы конушунда жайгашмакчы. Ал жерде жеңил жана оор жүк ташуучу автоунааларды каалаган убакта каттатууга болот.
Пилоттук долбоордун май айында ишке кирүүсү күтүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн