Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 07:35
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Бишкекте сатылып жаткан көмүрлөрдөн ашыкча радиация аныкталды

21.01.2021 14:07
477
Бишкекте сатылып жаткан көмүрлөрдөн ашыкча радиация аныкталды



Бишкек шаарында жана Чүй облусунда сатылып жаткан көмүрдүн экологиялык стандарттарына шайкештиги жана радиациялык фонун текшерүү иш-чарасы жүргүзүлдү. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциядан билдирди.


“Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр А.Э. Новиковдун протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында, Мамэкотехинспекциянын Бишкек шаары боюнча региондор аралык Башкармалыгы, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда сатылып жаткан көмүрдүн экологиялык стандарттарына шайкештиги жана радиациялык фонун текшерүү үчүн бир катар көмүр жүктөө станцияларына мониторинг жүргүзүлдү. Көмүрдүн радиациялык фонун ченөө иштери ДКС-АТ1121 дозиметри менен жүргүзүлдү. Ченөөлөрдүн жыйынтыгында, 6 ишкердик субъекттериндеги көмүрдүн радиациялык фону, Кыргыз Республикасынын “Радиациялык коопсуздук боюнча техникалык регламентинде” көрсөтүлгөн нормадан ашык болбогондугу аныкталды”, - деп айтылат аталган маалыматта.


Текшерүүнүн жыйынтыгында төмөнкү жайлардан ашыкча радиция аныкталган:


• ЖЧК "Торгсинтез" Кара-Жыра көмүрү Лев Толстой көчөдө;


• Жеке ишкер Аккуланов Н. Бегматов / Достоевский көч. Кара-Кече көмүрү;


• Жеке ишкер Аджибеков Ж. Бегматов / Эркин көч. Кара-Кече көмүрү;


• ЖК Максутов Э. Ой-Терскен / Горький атындагы Кара-Кече көмүрү;


• ЖЧК "Бешсары"  Мурманск көч. Кара-Кече көмүрү;


• Жеке ишкер Мустафаев У. Мурманск көч., 126 Кара-Кече көмүрү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн