Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте саунанын администратору кардарлар үчүн сойкуларды таап берип турган

Бишкекте саунанын администратору кардарлар үчүн сойкуларды таап берип турган


Бишкекте милиция кызматкерлери саунанын администраторун кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын аялдын сойкулук менен байланышкан мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Топтолгон материалдардын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгында КР Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин 1-бөлүгү «Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү» боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарында жайгашкан сауналардын биринин администратору кардарлардын өтүнүчү боюнча интим-кызмат көрсөткөн кыздарды издеп, ал үчүн материалдык пайда тапканы аныкталган.

Кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан саунанын администратору 1992-жылы туулган К.Ю. аттуу жаран кармалган.

Кармалган К.Ю. тергөө кызматына жеткирилип, өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн