Бишкектеги "Даамдуу" тез татым жайынан шаурма жеген 12 адам ууланды. Кабарды Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти тастыктады.
Маалыматка ылайык, жабыркагандардын алтоо ооруканага жаткырылып, калганы амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.
Тамактануучу жай Байтик Баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Санэпидкөзөмөл борбору ишканага 41 миң сом айып салып, териштирүү бүткөнгө чейин жабууну чечкен.
Уулануунун себептери такталып жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн