Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 20:20
USD
86.90
87.40
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Бишкекте сот кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктады

20.05.2024 17:25
295
Бишкекте сот кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктады


Бишкекте сот кызматкерлери үчүн салынып жаткан 81 батирлүү үйдүн курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган турак жай Бишкек шаарынын Юдахин көчөсү, №64 дарегинде жайгашкан. Турак үй 81 батирлүү, 9 кабаттан турат.

Курулуш иштери 2017-жылы бюджеттин эсебинен Мамкурулуш агенттиги тарабынан баштаган. 2019-2022-жылдар аралыгында каржыланбай, курулуш иши токтоп турган.

"2023-жылдан баштап каржылоо Мамлекеттик ипотекалык компаниянын эсебинен жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө турак жайдын курулушу аяктады. Жакынкы күндөрү пайдаланууга тапшыруу күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн